2024-04-26

“Жаны социалдык-маданий мейкиндиктеги заманбап балалык” аттуу семинар


2024-жылдын 24-апрелинде КТМУ, Кесиптик колледждин Мектепке чейинки билим берүү программасы тарабындан конок катары чакырылган Кыргыз-Россия Славян университетинин психология кафедрасынын доценти, п.и.к. Чжен Ирина Николоевна “Жаны  социалдык-маданий мейкиндиктеги заманбап балалык” аттуу баяндама жасап берди. Семинарда Z  муун менен Альфа муундун айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү, ж.б. педагогикалык темалар боюнча сөз болду. Студенттердин кызыгуусун жана талкуусун жараткан семинар суроо-жооп менен аяктады.